Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эми Таалайбек Сарыбашов боюнча маселе каралышы керек

21.01.2022 23:02
3097
Эми Таалайбек Сарыбашов боюнча маселе каралышы керек


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.


Бүгүн БШК  Р.Момбековду талапкер  катары каттоодон баш тартты. Мына. 


Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.


Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.


Таалайбек Сарыбашовдун Оштогу технологиялык коллежден эсепчилик боюнча алган дипломун эч көрсөтө албай келет. 


 "Мен алгач Ош технологиялык техникумунун бухгалтер-эсепчи адистигин аяктаганмын. Анан "жогорку билимдүү болом" деп Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетине тапшыргам. 2008-жылы ал факультет юридикалык институт болуп калганда бүткөнмүн. Эки окуу жайга тең аттестаттын негизинде киргем. Техникумду 1995-жылы аяктап, Орусияга кеткен элем. Анан 1999-жылы Орусиядан келип, юридикалык факультетке окууга тапшырарда биринчи дипломду таппай калгам. Ошондуктан кайра эле аттестаттын негизинде юридикалык факультетке тапшырып, кайра Орусияга кеткен элем. Азыр 1-дипломум айылда. Айылга барганда ала келип, силерге көрсөтөм", - деп журналисттерге маек берген. Андан бери 5  жыл өттү.


Сарыбашов айтып жаткан Ош технологиялык техникуму 1994-жылдын 18-июлунда жоюлуп кеткен. 


Сарыбашовдун жасалма диплому, кош жарандуулугу да дыкат текшерилиш  керек. Бул жерде УКМКда жан тартуу саясаты болбош керек.


Элнура Кулуева, журналист 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн