Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Эми бардык каалоочулар коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасын ала алышат

Эми бардык каалоочулар коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасын ала алышат

 Кыргызстанда бардык каалоочулар коронавируска каршы «Sinopharm» кытай вакцинасын ала алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине МСЭКБ Бишкек шаардык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Бурул Асылбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, алгач илдетти жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон медицина кызматкерлери, мугалимдер, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин арасында жүргүзүү чечими кабыл алынган. Экинчи топко 65 жаштан жогорку кары-картаңдар жана өнөкөт оорусу барлар киргизилген.

“Бирок коронавирус менен ооругандар өсүп жаткан азыркы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен бардык каалоочуларды эмдөө чечими кабыл алынды”,-дейт ал.

Анын айтымында, эмдөө алууну каалаган бардык жарандар №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 14 жана темир жол поликлиникасына жана куруучулар поликлиникасына кайрыла алышат. Ошондой эле, борбор калаада кошумча эмдөө пункттарын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Асылбекова мындай чечимди кабыл алууда өлкөгө «Спутник V» россия вакцинасын алып келүү фактысы да эске алынды. Россия вакцинасы менен экинчи топко киргендерге, башкача айтканда 65 жаштан жогорку жана өнөкөт оорусу барлар эмделишет.

Медкызматкер Бишкек үчүн «Sinopharm» кытай вакцинасынын 14 миң дозасы, ал эми «Спутник V» россия вакцинасынын 2,5 миң дозасы бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Sinopharm» вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми кечээ Россиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келинген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн