Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алууга онлайн катталуу үчүн сервер иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, жарандарды эмдөөгө каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында онлайн кызмат иштелип чыккан. "Ал жакта ар бир адам өзүнө ылайыктуу эмдөө пунктун жана убактысын тандай алат", - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн