Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Эми ишкерлер бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттой алышат

17.04.2020 11:39
918
Эми ишкерлер бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттой алышат


Өкмөттүн «Кыргыз Республикасынан дары-дармек жана медициналык каражаттарды экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө» 2020-жылдын 3-февралындагы № 57 токтомуна ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерге бет каптарды жана медициналык эмес респираторлорду экспорттоого уруксат берүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилди.

Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул өзгөртүүлөр 2020-жылдын 14-апрелиндеги видеоконференция режиминде өткөн COVID-19 пандемиясына байланыштуу Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндөгү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчыларынын макулдашуулары менен шартталган. 

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башчылары биргелешкен билдирүү жасашып, анда товарлардын, анын ичинде социалдык жактан маанилүү өндүрүмдөрдүн, тамак-аш азыктарынын, медициналык жабдуулардын жана дары-дармектердин, медициналык жеке коргонуу каражаттардын эркин кыймылы принциптерин сактоо зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана аны жоюу боюнча координацияланган чараларды ишке ашыруу, пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, ички, анын ичинде азык-түлүк рыногунун туруктуу иштөөсүн камсыздоо, мамлекеттердин жарандарын, бизнести колдоого алуу тапшырылды.

Буга байланыштуу коргоочу бет каптарды жана медициналык эмес багыттагы респираторлорду ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерге экспорттой алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн