Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 12:30
USD
84.10
84.60
EUR
93.40
94.40
RUB
0.890
0.930

Эми камсыздандыруу полисин “Кыргыз почтасынын” филиалдарынан төлөөгө болот

30.09.2024 10:17
127
Эми камсыздандыруу полисин “Кыргыз почтасынын” филиалдарынан төлөөгө болот


Эми камсыздандыруу полистерин “Кыргыз почтасы” мекемесинин филиалдарында төлөөгө болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, “Кыргыз почтасы” жана “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ишканасы камсыздандыруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Ага ылайык, эми жарандар өлкө боюнча “Кыргыз почтасынын” каалаган филиалында камсыздандыруу полистерин (ОСАГО жана ОСЖ) төлөй алышат. Бул өз кезегинде процессти кыйла жөнөкөйлөтөт жана жарандар үчүн камсыздандыруу кызматтарын кыйла жеткиликтүү кылат.

Белгиленгендей, меморандумда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү жагы да каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн