Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эми "Манас" аэропортуна жакындарын узатууну каалаган адамдар кире алат

06.09.2021 17:24
859
Эми "Манас"  аэропортуна жакындарын узатууну каалаган адамдар кире алат

Эми "Манас"  аэропортуна жакындарын узатууну каалаган адамдар кире алат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.


Эпидемиологиялык кырдаалдын турукташкандыгына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропортунун аэробекет комплексине кирүү боюнча чектөөлөр кыскартылды.


2021-жылдын 1-сентябрынан баштап саат 07:00дөн 00:00гө чейин узатуучулар жана күтүп алуучулар үчүн «Манас» аэропортунун имаратына кирүүсү боюнча чектөөлөр убактылуу алынып салынды.


Ал эми, саат 00:00дөн 07:00гө чейин аэробекеттин ичине ошол күнгө алынган билети бар гана жүргүнчүлөр кире алышат.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн