Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесине ылайык, Бакытбек Жеңишбекович Жетигенов Ош шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын буга чейинки мэри Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн