Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 16:44
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Эми тажрыйбалуу мугалимдер конспект жазбайт. Министрлик жаңы токтом чыгарды

15.03.2022 11:14
1107
Эми тажрыйбалуу мугалимдер конспект жазбайт. Министрлик жаңы токтом чыгарды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «КРнын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүүгө (толтурулууга) милдеттүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө» КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» буйрукка кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматта айтылгандай, эми бул буйрукка ылайык, предметтик мугалимдер класстык журналды жүргүзүп, календардык-тематикалык планды жана сабактын план-конспектин гана түзүшөт, ал эми класс жетекчилер класстык журналды жүргүзүп, окуучулардын өздүк делосун жана класстын социалдык паспортун гана толтурушат.


Класстык журнал электрондук вариантта толтурулган учурда аны чейректин аягында кагазга чыгарып, окуу бөлүмүндө сактоо зарыл.


Календардык-тематикалык план окуу жылынын башында жаңыланат, аны мектептин жетекчиси бекитет.


Мектептеги үзгүлтүксүз эмгек стажы 5 жылга жете элек предметтик мугалим сабактын толук план-конспектин жазат. Аны кол менен жазса да болот, компьютерде терсе да болот. Ал эми мектепте 5 жылдан ашык иштеген мугалим план-конспект жазбастан, сабакты чыгармачылык менен өтө алат.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн