Ветеринардык кызматтар “MegaPay” тиркемесине киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ошондой эле жарандар чөнтөк телефондон же компьютерден Ветеринардык кызматтын Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системанын расмий сайтын колдонуп, мал чарбалыгына жана эт азыктарына байланыштуу документтердин тууралуулугун текшере алат. Ал үчүн https://aits.gvfi.gov.kg шилтемеси менен кирип, башкы беттеги Mal cheсk жана Doc cheсk баскычтарын басуу керек.
Mal chek - жаныбардын идентификациялык номурун киргизүү менен жаныбар жөнүндө (малдын жашын, өңү-түсүн, кайда, качан туулгандыгын жана малдын ээси тууралуу) маалыматты текшерсе болот.
Doc chek - ветеринардык коштоочу документтин коддун жазып же болбосо QR кодду сканерден өткөрүп, документтин аныктыгын жана кошумча (кайда, качан союлганы, жарактуу мөөнөтүү тууралуу) маалыматтарды текшерүүгө болот.
Эми ушул эле кызматтар MegaPay тиркемесине да киргизилди. Бул үчүн тиркемени көчүрүп, ветеринардык кызматты колдонуп көрүңүз!
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн