Финансы полициясынын жетекчиси, 5-6-октябрдагы тополоңдо активдүү болгон Сыймык Жапыкеев жалпы элди жаңы президенти менен куттуктады. Ал Садыр Жапаровдон чоң үмүт кылып жатканын жашырган эмес.
“Элине, жерине, мамлекетке күйгөн, акжолтой, калың эли урматтаган президент болсун. Жаңы президентибиздин ишине ийгиликтерди каалап кетелик. Урматтуу достор жаңы президентибиз кут болсун, биздин бакубат жашоодо жашашыбызга Садыр Нуркожоевич себепкер болсун. Достор, бул инаугурация элдин жеңиши, эми временщик деген ат өчтү. Буюрса эми иш алга жылсын. Чоң үмүтүбүз акталсын”, - дейт ал.
Пикирлер (2)