Бажы кызматынын мурдагы өкүлү Эмил Кимсановдун СИЗОдо сабалгандыгы тууралуу видео тарады. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан билдирип чыкты.
Анын айтымында, кечээ, 15-июнда Э.Кимсановдун 1-СИЗОдо сабалгандыгы тууралуу далилди алган. Видеодон эки эркек киши аны катуу сабап жатканын көрүүгө болот.
“Мурда дагы денесине так салгыча сабалгандыгы боюнча сүрөт табылган. Ал окуя үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан 1-СИЗОго алынып келген күнү орун алган”, - деп жазды Сүйүнбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн