Кумбел жайлоосунун чырында Кочкор районун Кара-Суу айылынын тургундарын колунан эч нерсе келбеди. Бул тууралуу Кулатуу федерациясынын жетекчиси, ошол айылдын тургуну Эмил Токтогонов “Медиа центр” мультимедиялык-маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Кочкор районунун чабандарын, губернаторлорду жана күч кызматкерлерин Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары киргизбей койду.
"Кочкор районунун чабандары убактылуу жайыттарга жайлашты. Кара-Суу айылынын элин, губернаторлорду жана күч органдарынын кызматкерлери барса да Жерге-Тал айлынын тургундары киргизбей койду. Учурда Кара-Кужур жактагы мурда чыгып жүргөн Жерге-Тал жайлоосуна көчүп барышты. Ал жака барсак көп кабаттуу үйлөр түшүп кетиптир, бирок ага карабай жайгаштык. Өкмөт да убактылуу жайлай тургула дептир”, - деди Токтогонов.
Ал эми Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну Мундуз Нурланбек уулу учурда Кумбел жайлоосу боюнча түзүлгөн атайын топ иш алып барып жатканын билдирди.
“Кумбел жайлоосу тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Учурда атайын түзүлгөн коммисия текшерип жатат. Жерге-Тал айыл аймагындагы эл Кумбел жайлоосу аркылуу жан сактап келишет, жайлоо тар, алтын казылып алынган боюнча калып калган. Мындан улам чөп өтө аз”, - дейт айыл тургуну.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн