Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эмил Токтошев: Конституцияга автор экенимди интернеттен билдим

18.11.2020 11:25
690
Эмил Токтошев: Конституцияга автор экенимди интернеттен билдим


Жогорку Кеңештин сайтына чыккан Конституцияга автор болуп калганымды социалдык түйүндөрдөн билдим. Бул тууралуу парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Эмилбек Токтошев билдирди.


“Мен кечээ, кечинде Жогорку Кеңештин сайтына чыккан Конституцияга автор болуп калганымды социалдык түйүндөрдөн билдим. Мурдагы күнү Жогорку Кеңеште бир топ депутаттар Конституцияны өзгөртүү боюнча демилге тобуна кол топтоп жатышканын билдиришти. Мен парламентаризмди жактаган адам катары ушул процесске катышуу үчүн кол коюп бергем. Кечээ долбоордун даярын көргөздү. Мен дароо эле макул эместигимди айттым. Бул сөзүмдү ошол жерде турган депутаттар да тастыктайт. Мен ар дайым парламентаризмди жактап келгем жана ушул позициямда турам”, - дейт ал. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн