Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бир ТЭЦти карап отурбай, чакан жылуулук борборлорун куралы”

12.02.2024 11:07
1569
Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бир ТЭЦти карап отурбай, чакан жылуулук борборлорун куралы”


- Эмил мырза, сиз бүгүн жыйында “ТЭЦтеги кырсык – бул шалаакылыктын натыйжасы” деген пикир айттыңыз...


- Стратегиялык объектиде профессионал адистер иштеши керек. Советтер союзу учурунда ТЭЦте жарылуу деген болгон эмес. Демек, бул кырсык кесипкөйлүктүн жетишсиздигинин, жетекчилер улам-улам алмашкандыгынын (үч жолу алмашкан) натыйжасында болду. Эч кандай диверсия эмес. Чет өлкөлөрдө атомдук электростанцияларды иштетип атышпайбы, сааттын жебесиндей кылып тыкылдатып эле. А биз болбогон бир ТЭЦти иштете албай жатабыз. 386 миллион долларлык кредит менен толук жаңылап алыш керек болчу. Тажиктер ушундай эле акчага жаңы ТЭЦ куруп алышты. Бизде деле жаңысын курганга толук мүмкүнчүлүк бар болчу. Тилекке каршы, кара ниеттер жеп алышты. Алар мамлекеттин чыккынчылары! Эми мындай кырсыктарга жол бербеш үчүн профессионал адистерди ачык конкурс жолу менен тандап алуу зарыл. ТЭЦтегилер болсо бүт өздөрүнүн тааныштарын койгон. Жаш балдар иштеп атышат. Аларда тажрыйба жок да. Дагы жакшы, окуя түндө болгон. Эгер күндүзү болсо, көп адам жабыркамак.


- Эми деле жаңы ТЭЦ куруу сунуштары айтылууда. Сиз буга кандай карайсыз?


- Чоң ТЭЦке акча коротпой, чакан жылуулук түйүндөрүн куруу керек. Бир ТЭЦти карап отурганда болбойт. Ошондо жанагындай кырсык болсо, шаардын тең жарымы жылуулуксуз отуруп калбайт. Мисалы, мен жашаган үйдө автономдуу электр казаны турат. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн