Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 02:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бизде суу чарбасы боюнча бирдиктүү система жок”

28.11.2023 15:05
577
Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Бизде суу чарбасы боюнча бирдиктүү система жок”


- Быйыл суу тартыштыгы өзгөчө сезилбедиби. Сиздин пикириңиз боюнча, мунун себеби суу чарба тармагындагы чаржайыттыктан улам экен. Ошондойбу?


- Бизде суу чарбасы боюнча бирдиктүү система жок. Сууну төрт министрлик карайт. Мөңгүлөр ӨКМдин, жер астындагы суулар жараталыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, таза суу архитектура жана курулуш агенттигинин, ал эми сугат суулар айыл чарба министрлигинин карамагында. Суу деген бул бирдиктүү система. Ал мөңгүдөн да көз каранды, жер астынан да көз каранды. Андыктан, бирдиктүү система болуп, жалпы мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш. Сугат суу таңкыс болду, биз министрликти уруштук, тепкиледик. Аларда күнөө жок, себеби, мөңгүдөн суу аз келди. Алар башка министрликтерге айта албайт. Ушундай система түзүлүп калган. Негизи бир министрлик түзүлүп, алдында ар бир тармак боюнча департамент болгону оң. Бирдиктүү система түзүлүп, бирдиктүү саясат жүргүзүлгөндө гана суу көйгөйү чечилет.


- Ошондо өзүнчө министрлик түзүлүшү керек дейсизби?


- Ооба. Суу жана ирригация министрлигин түзүш керек. Суу биз үчүн стратегиялык керек ресурс. Ошондуктан, аны күчтөндүрүү зарыл. Кошуна өлкөлөрдү мисалга ала турган болсок, Казакстанда, Тажикстанда суу министрлиги бар, а бизде жок. Анан суу үчүн башка өлкөлөргө акча төлөтүүбүз кажет. Биз өзүбүздүн суулардын болгону 13-15 пайызын гана пайдаланабыз, калганы бүт кошуна өлкөлөргө агып кетет. Биз кеткен чыгымдардын баарын эсептеп, кошуналарга төлөткөнгө акыбыз бар.


- Тажикстан суу чарбасын өнүктүрүү үчүн акыркы он жылда эле 1,5 млрд. доллар кредит алып, инвестиция тартыптыр. А биз болгону 800 млн. алыптырбыз. Эмне үчүн деп ойлойсуз?


- Жана айткандай, бирдиктүү системанын жоктугунан. Бир күчтүү орган болсо, акча да жакшы келет. Себеби, министрликтин статусу жогору. Биздин департаменттин башчысы кошуна өлкөнүн министрине кантип “сууга төлөп кой” деп барат? Министр менен министр теңата болуп сүйлөшүшү керек. 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн