Бугу 22, 2024
Убакыт: 02:45
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Эмил Токтошев бир катар сунуштар менен өкмөт башчыга кайрылды

21.05.2020 17:17
1018
Эмил Токтошев бир катар сунуштар менен өкмөт башчыга кайрылды


Депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин бүгүн, 21-майда өтүп жаткан жыйынында сөз сүйлөп, өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге бир катар сунуштары менен кайрылды.


Дүйнөлүк апаат Кыргызстанда да жүрүп жатат. Экономикалык абал 5-10 пайызга төмөндөйт деген болжолдоолор айтылып жатат. Кризистик абал качан аяктаары да белгисиз. Тыштан эле карыз ала бербей, ички дагы булактарга көңүл бурсак жакшы болмок. Ошондуктан менин бир топ сунушум бар”, - деди Токтошев.


Анын биринчи сунушу – сыртка ташылган курамында алтын кошулмасы бар консентраттарга салыкты 7 пайызга көтөрсө, 2 млрд сом түшөт, ушул каражатка Улуттук банкка алтын алып сактоо керек. "Алтын топтоло берсе, мамлекеттин башына оор мезгил түшкөндө урунганга мүмкүнчүлүк болот", - деди депутат.


"Экинчиден, Кыргызстан боюнча 1 миллионго жакын жеңил унаа бар экен. Алардын 5 пайызы - 50 миң унаадан эле салык алынса жылына 2 млрд сом түшөт. Үчүнчүдөн, мисалы кошуна Казакстан жана Россияда “Жип” үлгүсүндөгү унаалардын салыгы 35 миң теңге. Эгерде биз ушундай салыктарды ала турган болсок, бир жылда 2 млрд 850 миң сом түшөт. Учурда мамлекеттик жогорку кызматта иштегендин бары эле "Жип" айдашат, 100дөй “Жипти” сатса эле 600-700 млн сом түшөт. Өкмөт башчысы катары антикризисттик программаны өзүңүздөн баштаңыз. Бул акчага бала бакча куруп койсо болот”, - дейт Токтошев.

Ошондой эле депутат иш сапарларга кетирип жаткан чыгымдарды үнөмдөө керектигин кошумчалады. Мындан тышкары чек аралар аркылуу аткезчилик жол менен ташылып кетип жаткан күйүүчү майдын ташылуусуна бөгөт койсо, миллиондогон акчалар өлкөдө калып кала турганын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн