Кулжа 02, 2024
Убакыт: 02:07
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Эмил Тукаев Коргоо министрлигинин ЖККУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

12.11.2021 12:35
459
Эмил Тукаев Коргоо министрлигинин ЖККУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Эмил Тукаев КР Коргоо министрлигинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) ыйгарым укуктуу өкүлү болуп шайланды. Бул тууралуу  Коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.


Анын айтымында, буйрукка кол коюлду, жакында Тукаев иш сапарга жөнөп кетет.


“Бердибек Асановго байланыштуу бир аз жаңылыштык кетти. Анын талапкерлиги КР Коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген эмес, ага карабастан Москвага сапарга жөнөтүлгөн. Бирок кийин анын адеп-ахлактык жана ишмердик сапаты туура келбегендиктен кайрадан артка жөнөтүлгөн”, - деди ал.


Белгилей кетсек, КР ЖККУдагы жаңы өкүлү буга чейин абадан коргонуу боюнча командачынын орун басары кызматын аркалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн