Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон буйрукка ылайык Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Шамшиев Мухтар-Али Жеңишбекович берген арызына ылайык өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басарынын милдеттери конкурс өткөнгө чейин убактылуу аталган башкармалыктын ижара бөлүмүнүн башчысы Туленбаев Эмил Советбековичке жүктөлдү.
Эске сала кетсек, Ош шаардык мэриясынын 2021-жылдын 30-сентябрында өткөн коллегиялык жыйынында муниципалдык менчикти натыйжалуу пайдаланууну жетиштүү көзөмөлгө албаганы үчүн Ош шаарынын вице-мэри Ж. Азимовго эскертүү, шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы А. Пирматовго сөгүш, иштеги кемчиликтери үчүн муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А. Семетеевге катуу сөгүш, орун басарларынын кызмат ордун кароо боюнча чечим кабыл алынган болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн