Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмил Жамгырчиев УКМК аны издегени үчүн ыраазычылык билдирди

11.01.2023 13:35
246
Эмил Жамгырчиев УКМК аны издегени үчүн ыраазычылык билдирди

 


Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бүгүн, 11-январда жумушка чыгып, маалымат каражаттарына буга чейин кайда болгонун айтып берди. 


Ал атасынын ооруганына жана ошол убакта өзү да ооруп калганына байланыштуу акысыз өргүү алганын айтты. Ал эми УКМК ага издөө жарыялаганы алардын милдети экенин баса белгиледи.  


“Бул УКМК кызматкерлеринин түздөн-түз милдети. Себеби ар бир жаран жок болуп кетсе, издөөгө тийиш. Ал үчүн ыраазычылык айтыш керек. Эл өкүлүнө сарсанаа болуп издөө жарыялаганына ыраазымын. Бирок ошол эле маалда мен Бишкекте жүргөнүм тууралуу маалымат бергем”,-деди Жамгырчиев. 


Журналисттер буга чейин депутат Жанар Акаев айтып жаткан үн жвздыруучу аппараттар тууралуу сурашты. Жамгырчиев анын үйүнөн жана унаасынан үн жаздыруучу аппараттардын табылганын тастыктады. Учурда ал боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн