Бугу 19, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмил Жамгырчиевге өзбек тарап да кылмыш ишин козгогон, - депутат

10.01.2024 11:09
228
Эмил Жамгырчиевге өзбек тарап да кылмыш ишин козгогон, - депутат


Депутат Эмил Жамгырчиев («Альянс») кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда, деп билдирди депутат Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан») 10-январда журналисттерге.


Эрбаев Жогорку Кеңешке Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурордун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссияны жетектейт.


«Комиссия ачык режимде бир нече жолу жыйын өткөрдү. Кечээ жыйындын экинчи бөлүгү тергөөнүн өтүнүчү менен жабык эшик артында өттү. Тергөө чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү боюнча далилдерди келтирген. Жамгырчиевге өзбек тарап да кылмыш ишин козгогондуктан, биз далилдерге ишендик», - деди ал.


“Ал айыпталып жаткан берене анча оор эмес кылмыштарга тиешелүү жана 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же эсептөө көрсөткүчүнүн 500дөн 100гө чейин (50-100 миң сом) өлчөмүндө айып салуу каралган”, - деп кошумчалады Эрбаев.


Эске салсак, Жамгырчиев 9-январдын кечинде Жогорку Кеңештин имаратынын экинчи кабатынын терезесинен секирип качып кеткен. Азырынча анын кайда экени белгисиз. Ал парламенттин отурумунда жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн