Саясат таануучу Эмил Жураев Elgezit.kg сайтына Кыргызстандагы “акыл ордо” (фабрики мысли), аналитиканын жана “акыл борборлорунун” ролу тууралуу ой бөлүшкөн. Биз аны эркин которуу менен окурмандарга сунуш кылабыз.
— Эмиль Таирович, жакында эле Elgezit.kg белгилүү казакстандык саясат таануусу Аскар Нуршанын a-centr.ru аналитикалык порталына Казакстандагы аналитиканын анча көңүл жылытпаган абалын айткан маегин жарыялады. Ошентсе да аны окугандан кийин алардын интеллектуалдык жашоосу бир топ кайнап жатканына ынанасың. Бул туура эмес баалоо эмеспи? Кыргызстандын аналитикалык борборлорунун абалы кандай?
- Аскар
Нуршанын сынына карабай Казакстандын бул тармагы бир топ өнүккөн. Буга жакшы
каржылоо, бийлик тарабынан болгон чоң талап, аналитикага болгон эркиндик, ошол
эле учурда өтө саясатташпаган көрүнүштөр себеп болууда. Биздин Кыргызстанда
болсо изилдөөлөргө чоң эркиндик болгону менен ага суроо талап жана каржылоо
жагы кыйын болууда. Кыргызстанда аналитика эле эмес башка сфералар деле
каржыланбай жатпайбы. Аналитиканы колдоно турган мамлекет же өзүнчө мекемелер
бизде абдан алсыз жана пассивдүү. Айрым мекемелерде өздөрүнүн аналитикалык
бөлүмдөрү болгону менен алардын эмгектери кайсы бир чечимди кабыл алууда абдан
минималдуу керектелет. Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту (УСИИ) негизги
өкмөттүк борбор болгону менен олуттуу тапшырмаларды кээде гана аткарат. Нурша
ушул багытта туура белгилеген.
Бирок, Кыргызстандагы мамлекеттик аналитикалык ресурстар Казакстандагыдай негизги күч эмес. Ага караганда көз карандысыз аналитикалык борборлордун иши жакшы жолго коюлган. Бизде күчтүү жана ар тармактуу жеке аналитикалык секторлор бар. Алардын арасында коммерциялык жана коммерциялык эмес болгон ири жана майда уюмдар кездешет. Алардын каржылоосу ар кандай, ошентсе да кайсы бир тармак боюнча жасаган изилдөөлөрү коомдук-саясий турмуштун көңүлүн бурат. Алардын продуктусун албетте эл аралык донор уюмдары, жеке компаниялар, өкмөттүк эмес уюмдар пайдаланат.
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекет тарабынан аналитикалык эмгектерге суроо-талап барбы? Негизи эле жыйынтыгы жакшы боло турган чечимдерди кабыл алууга алдын ала анализдин кереги барбы?
- Негизи
кандайдыр бир реформаны эффективдүү жана сапаттуу жүргүзүү үчүн аналитика
керек. Учурда Кыргызстандагы жаңы бийлик мамлекеттин жашоосун кординалдуу түрдө
өзгөртө турганын айтып келди. Муну ишке ашырууга тоскоол боло турган
көрүнүштөрдү так билбей туруп аракет кылса болобу? Бул үчүн сапаттуу анализ
жүргүзүү керек. Берилген убадалар сөз жүзүндө калып кетпеши үчүн мамлекет
бардык тармак боюнча аналитикалык иштерди жасашы зарыл.
— Сиздин көз карашыңыз боюнча Кыргызстанда эмне үчүн “акыл ордолору” өнүкпөй жатат? Буга жетишерлик талап болбой жатканы себеп болуп жаткан жокпу?
- Аналитикалык борборлор же “акыл ордолору” бул - институционалдуулук, экспертизаларды уюштуруу, узак мөөнөттө сапаттуу эксперттик аналитикалык аракеттери жүргүзүү болуп саналат. Мындай борборлорду колдоодо ар кандай проблемалар болгондуктан бул тармакта иштегендер жалгыз эмгектенүүдө. Бул ыңгайлуу болгону менен система, ар дайым иштеп турушу керек болгон аналитикалык тармак жабыркап жатат. Эгер аналитикалык борборлор туруктуу иш жүргүзүп турса ал жерде талкуулар, ар бир эксперттин кайсы бир маселеге билими пайдаланылмак.
- Дүйнөдө саясий партиялардын, ал эмес өкмөттө өзүнүн аналитикалык борборлору бар. Бизде да ушундай болобу?
- Жакынкы убактарда биздеги бул тармак да кескин өзгөрөт деп ойлоймун. Азыркы аналитикалык деңгээл ушул бойдон сакталып калса жакшы болот эле. Анткени, каржылоо эркин болуп кеткенден кийин ар кандай тобокелчиликтер чыгат. Келечекте албетте туруктуу аналитикалык негиздерди ойлонушубуз керек. Бир вариант катары университеттердин базасында “акыл ордолорду” түзүп, өнүктүрүү керек. Биздеги бардык эле ЖОЖОдор буга кызыктар эмес, ошентсе да ресурсу бар, кызыккан окуу жайларды тапса болот.
Мен мамлекет “акыл ордолорун” өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат деп ишеним артпаймын, бул принципке келгенде деле жакшы эмес. Анын үстүнө көз карандысыз аналитикалык борборлор өкмөттүкүнө караганда маанилүү жана баалуу эсептелип калат.
Маектешкен Талгат Ниязов
Булак: Elgezit.kg сайты
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн