Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкек кыргызча сүйлөсө, Кыргызстан кыргызча сүйлөйт

16.03.2023 09:24
199
Эмилбек Абдыкадыров: Бишкек кыргызча сүйлөсө, Кыргызстан кыргызча сүйлөйт



Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы талкууланды.


Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конститутциялык мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү.


Жыйында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун баяндамасы, ошондой эле райондук администрациялардын башчыларынын мамлекеттик тил боюнча аткарылган иштеринин отчеттору угулду. 


“Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү башкы максатыбыз - көп улуттуу шаардыктарды мамлекеттик тилди билүүгө, ал тилде окуй, жаза, өз оюн айта, сүйлөй билүүсүнө жетишүү болуп саналат. Ушул милдет-талапты ар бир мекеме-ишканалар, шаардыктар, кызматкерлер түшүнүүгө жана аткарууга тийиш”,-деген шаар жетекчиси, калаадагы айрым тил көйгөйлөрүнө токтолду.


“Шаардын көчөлөрүн араласаңыз, көзүңүзгө дароо көрнөк-жарнактар, кулактандыруулар урунат. Мыйзамга ылайык бардык көрүнүктүү маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жана зарыл учурда башка тилде жол-жоболоштурулушу керек. Бирок, ушул иште биз ошол материалдардын мамлекеттик тилге тийгизе турган таасирине жана маанисине жетиштүү көңүл бурбай жатабыз.


Кээде расмий тилде же чет тилде гана жазылган учурлар көп кездешет. Айрыкча так эмес, тантык, чала-кайым котормолорго жол берилген. Ошондой эле шаардагы көрнөк-жарнкатардын абалына бир топ дооматтар да айтылууда. Ушундан улам алардын туура жазылышына да көңүл бурула баштады”, -деп кошумчалады.


Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы шаардыктар, өзгөчө мекеме-ишканалардын, билим берүү, илим жана маданият уюмдарынын жетекчилери, андагы кызматкерлер өзгөчө көңүл бурууга, камкордук көрүүгө милдеттүү экендигин шаар жетекчиси баса белгиледи.


“Өлкөбүздүн тиреги жана жүрөгү болгон борборубуз Бишкек шаарында Мамлекеттик тилдин эркин чабыттап өсүшүнө, кеңири колдонулушуна ар бирибиз өз салымыбызды кошолу.


Бишкек мамлекеттик тилде сүйлөсө – бүткүл Кыргызстан мамлекеттик тилде сүйлөйт!”-деди калаа башчысы.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы К.К.Конгантиев, Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн