Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:38
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкекте төрт ири унаа токтотуучу жай курулат

05.07.2022 14:39
442
Эмилбек Абдыкадыров: Бишкекте төрт ири унаа токтотуучу жай курулат


Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берди.

Анын алкагында мэр муниципалитеттин иш пландары жана ири долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу пландары менен бөлүштү.

"Атап айтканда, "Бишкек шаарынын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтоочу жай" инвестициялык долбоорун ишке ашыруу пландалууда", - деди мэр.

Ал төмөнкү даректерде сыйымдуулугу 500 автоунаага чейин төрт көп деңгээлдүү парковка курууу планы бар экенин билдирди:


- Патрис Лумумба жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Суеркулов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Псковск жана Сухомлинов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Түгөлбай Ата жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн