Бугу 14, 2024
Убакыт: 14:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эмилбек Абдыкадыров Бишкектеги активдүү жаштар менен жолугушуу өткөрдү

24.02.2023 10:52
194
Эмилбек Абдыкадыров Бишкектеги активдүү жаштар менен жолугушуу өткөрдү

№1 китепканада борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен активдүү жаштар – Жаштар иштери боюнча консультациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жолугушуусу өткөрүлдү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирет.


Борбор калаанын мэри мындай жолугушуулар жаштарга шаар бийлигинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү, ошондой эле көйгөйлөр, келечектүү долбоорлор жана жаштардын жаңы демилгелери тууралуу ачык баарлашууга шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.


Жолугушуунун катышуучулары жаштардын потенциалын өнүктүрүү жана жаштарга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга активдүү жаштардын катышуусун талкуулашты. Ошондой эле, жолугушуунун катышуучулары өз ойлорун, демилгелерин айтып, долбоорлор, шаар чөйрөсүн калыптандыруу боюнча сунуштарын айтышты.


Белгилей кетсек, иш-чара “Балдарга жана жаштарга достук шаар” долбоорунун алкагында өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн