Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:07
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Эмилбек Абдыкадыров: Учурда 1,5 миң гана микроавтобус шаардагы линияда жүрөт

19.10.2023 11:20
478
Эмилбек Абдыкадыров: Учурда 1,5 миң гана микроавтобус шаардагы линияда жүрөт


Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташыган 3 миң микроавтобусту шаар сыртына чыгарды. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, буга чейин калаада 4 миң 500дөй жеке микроавтобус жүргүнчүлөрдү ташып келген. Азыр алардын 1 миң 500ү гана шаардагы линияда жүрөт. 3 миң микроавтобус калаадан сыртка чыгарылган.

“Биз микроавтобустарды да жумушу жок калтырган жокпуз. Шаардын сыртындагы линияларда иштеп жатышат. Жакын арада Бишкектин ичи маршруткалардан толук тазаланат” деди - Бишкек шаарынын мэрии.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн