Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:05
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Эмилбек Каптагаев: Акылбек Жапаровду да суракка алуу зарыл

01.06.2021 12:05
1441
Эмилбек Каптагаев: Акылбек Жапаровду да суракка алуу зарыл


Мындан бир топ күн мурда майдын 13-дө: "Кумтөр кени боюнча Акылбек Жапаровдун  алдыга чыга калганы жарашпай калды... Буга чейин алтын кенинин тегерегинде чалынып келген аталага тиешеси бар болгондон кийин кетенчиктеп тура турса болмок экен... Чоң ишке көлөкөсү түшүп калуусу ыктымал... Анын үстүнө  бул жерде "Кой жеген бөрү коңулда, кокуй бөрү куугунда" - дегендей кылуу аракети дагы  байкалып турат... Жакшы эмес бул... " - деп бул жерге жаздым эле... 


Учурдагы суракка чакыруу, камакка алуулардын шарында Акылбек Жапаровдун Кумтөр маселесине аралашып жүрүшү таптакыр эле орунсуз болуп калды көрүнөт... Элдин тергөө жана сотко ишениши же кашкайып эле ишенбей коюшу тергөөчүлөрдүн Акылбек Жапаровго болгон мамилесине карай боло турганы айтпаса дагы түшүнүктүү.


Ошондуктан, ушундай чоң ишти бузуп албай, анын өтөөсүнө чыгыш үчүн  жок дегенде Акылбек Жапаровду Кумтөр жана башка мамлекеттик иштерден четтетүү, башка тиешеси барлар менен кошо суракка алуу зарыл деп ойлойм.


Коомчулук адилеттике ишенбей калса, анда аягы эмне менен бүтөөрү ар бирибизге айтпаса деле белгилүү да.


Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер

Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн