Бугу 16, 2024
Убакыт: 06:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Эмилбек Каптагаев: Апрель революциясы өзүнүн негизги саясий максаттарына жетти

07.04.2020 13:10
1234
Эмилбек Каптагаев: Апрель революциясы өзүнүн негизги саясий максаттарына жетти

 

Апрель революциясы жөнүндө айтуудан, ага саясий баа берүүдөн мурда ошол Апрелге чейинки кырдаалды, 2010-жылга карата калыптанып калган саясий режимди эске салуубуз зарыл. Мындай пикирди коомдук ишмер, ошол кездеги убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине Апрель окуясынын 10 жылдыгын эскерип жатып билдирди.


Анын айтуусунда, Бакиев, анын балдары, бир туугандары, аларга жакын болгон, алардын кызматын кылган адамдар мыйзам чегинен сырткары чыгып алышып, “кой деген кожо жок, ай деген ажо жок”, “өзүбүздү өзүбүз билебиз, өтүгүбүздү төргө илебиз” деп Кыргызстандын эли-жери, бүтүндөй табигий жана башка байлыктары менен басып алышып, өлкөнүн толук кожоюну болуп калышкан. Мыйзам чегинде аларды бийликтен кетирүү, жоопко тартуу, алардын талоончулук аракетинен өз бизнесин, мүлкүн коргоп калуу карапайым адамдар үчүн мүмкүн болбой калган.


Өйдө карап сүйлөй турган, алардын кыянаттык иштерин ачык айта турган киши дээрлик калбай калганын азыр кантип танабыз. Өлтүрчүсүн өлтүрүп, камачусун камап жатышпады беле. Алар өз бийликтерин түбөлүк орнотуп алгандай пейил күтүп, улуттук байлыктарды сатып, элдин ырыскысын талап тоногону аз келгенсип, президенттик бийликти укумдан-тукумга өткөрүп берүү жолун даярдап, Конституцияга атайын өзгөртүүлөрдү киргизүүгө камынып калышкан. Бакиевдердин бул демилгесин ошол кездеги “Ак-Жол” партиясы, алар көпчүлүктү түзгөн Жогорку Кеңеш, а түгүл  мыйзамдуулуктун тиреги болгон Конституциялык сот дагы колдоп чыкканы азыр эч кимдин эсинен чыга элек. Мына ушул жагдайдан улам элдин бардык катмарында нааразычылык күчөп, канкор үй-бүлө бийликте турганда Кыргызстандын келечеги жок экендигине көз жеткен, келечектен, жакшылыктан үмүт үзүлгөн. Натыйжада эл толкуган”, - деп эскерди саясатчы.

Каптагаев белгилегендей, мына ушундан улам – Апрель Элдик революциясы үчүн жанын курман кылгандардын каны бекер төгүлгөн жок, алар эркиндик үчүн, элдин-өлкөнүн жаркын келечеги үчүн курман болушту, деп так эле айтууга болот. Революция өзүнүн негизги саясий максаттарына жетти. Бакиевдердин каңкор бийлиги кулады, өлкөдө демократиялык маанай, адам эркиндиги кайра кайтарылып келди, уурдалган мүлктөрдүн бир тобу мамлекетке кайтарылды. Буга далил катары текейден арзан сатылып кеткен энергетика тармагын, “Телекомду”, “Мегакомду” жана башка 40тан ашуун мүлк объектилердин улутташтырылганын, 10 жыл ичинде 2 жолу башкы бийлик шайлоо жолу менен алмашканын, 2 жолу парламенттик шайлоо, 2 жолу жалпы элдик добуш берүү – референдум өткөнүн, мурдагыдай буюртма киши өлтүрүү токтогонун, адам эркиндиктери менен укуктарынын калыбына келгенин айтууга болот.

Булар талашсыз фактылар. Ал эми эл күткөндөй социалдык жана экономикалык өнүгүүгө чыга элек электигибиз да факт, бийлик түзүмдөрүнүн ишинде коррупциялык элементтерден арыла албай жатканыбыз да факт. Көп нерсе 2011-жылы президент болуп шайланган Атамбаевдин Апрель революциясынын идеяларына чыккынчылык кылганынан улам ошондой болуп калды, анын кесепети абдан эле тийди. Бирок, алган багытыбызды улап, өлкөнү коррупциядан тазалай алсак өсүп-өнүгүү да келет, башка өлкөлөрдөгүдөн кем эмес жашоо шарты да болот. Башкысы - өлкөдө тынчтык болуп, элибиздин амандыгы”, - деди коомдук ишмер.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн