Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 16:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Эмилбек Каптагаев: Энергетика тармагы түбү жок кудукка окшоп калды

23.04.2021 11:04
989
Эмилбек Каптагаев: Энергетика тармагы түбү жок кудукка окшоп калды

Электр энергиясын өндүрүү наркы аз эле, ашып кетсе 25-30 тыйындын тегерегинде. Балээнин бары энергетика тармагындагы чыгымдар, мурда алган карыздар жана уурулукта. Эгемендик жылдары бул тармакка жумшалган грант, кредит жана бюджеттик каржылоонун жалпы суммасына Токтогул ГЭСин баш кылып, Бишкек ЖЭБин төш кылып 2-3 жолу жаңы куруп салсак болмок, укмуштудай көп каражат кетти. Бирок энергетиканын абалы баягы эле, мындан жыйырма беш жыл мурдагы ырлар бүгүн деле ырдалып жатат, "чукулунан тариф көтөрүлбөсө тармак өлөт"- делип.  Өзүнчө эле түбү жок кудук болуп калды да, канча акча жумшасаң да оңолбогон. Ал эми сунуш кылынып жаткан тарифтин басымдуу бөлүгү мына ошол чогулган карызды төлөөгө жана ички чыгымдарды жабууга кетет, ушул нерсе энергиянын өздүк наркына катуу таасир этип калды. Кескин реформа жасалып, башкаруу жана чыгымдар оптималдашпаса кымбат тарифтен деле эч натыйжа чыкпайт, түбү тешик нерсени кантип толтурмак элек...кургуйга куюлгандай кете берет... Энергетика тагдыр чечүүчү тармак болгондон улам тариф маселеси боюнча дагы жалпы консенсуска келүү учурдун талабы, ынанымдуу жолу табылат деп ойлойм.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн