Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 06:23
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Эмилбек Каптагаев: Эркиндик тууралуу ойлор

09.03.2020 12:49
857
Эмилбек Каптагаев: Эркиндик тууралуу ойлор


Эркиндик тууралуу ойлор… 

Эркиндик – бул ээн баштык эмес (Пуанкаре)

Эркиндик – бул түшүнгөн зарылдык (Гегель) 

Свобода - это не произвол (Пуанкаре)

Свобода - это осознанная необходимость (Гегель)


Эки улуу адамдын ойлору бири бирин толуктап турат жана жалпысынан ЭРКИНДИК деген сөздү аныктайт. Коомдо жашап туруп жана коомдон эркин болуш мүмкүн эмес. Менимче бул Лениндин сөзү. Андыктан АДАМ эркиндиги тууралуу айтып жатканда КООМ тууралуу да унутпоо керек. 


 «Адам жана Коомду» бири-бирине байланыштуу кароо зарыл. Адам эркиндиги чексиз эмес, ал коомдогу жашаган зарылдыктарга байланыштуу табигый жол менен чектелет. 


Маселе мында, баары эле ошондой зарылдыкты түшүнүп жана кабыл алгысы келе бербейт, өзгөчө этникалык негизде түзүлгөн, ошону менен катар эле күчтүү диний фондогу мамлекетте жашаган зарылдыктарды. Ал эми диний негизде түзүлгөн мамлекеттердеги жашаган зарылдыктар талашка кабылбайт (мисалы Сауд Арабиясы, Иран жана башкалар), ал жакта жадакалса чет мамлекеттиктер жалпы талаптарга баш ийет. 


АКШнын коому жана Кыргызстандын коому бирдей эмес, ага ылайык коомдук турмуштун тартиптери да ар түрдүү. Бул фактыны түшүнүү ЭРКИНДИК темасы боюнча көптөгөн маселелерди жок кылат. 


Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн