Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Эмилбек Каптагаев: Министрликтерди кыскартуу аракетин тез арада токтотуш керек!

03.02.2021 08:30
1145
Эмилбек Каптагаев: Министрликтерди кыскартуу аракетин тез арада токтотуш керек!


Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жаңы өкмөттүн айланасындагы окуяларга баа берип, азыркы аракеттерди токтотуш керектигин билдирген. Ал коомчулукта нааразычылык күч экенин, жаңы структура иштеп кеткенче башкаруу структуралары таптакыр алсырап кетерин эскерткен.


Жаңы өкмөткө Бакай (Бакай Кашкарбаев) баштаган соцтармактагы элдин үнүн уккандан кийин токтотуш керек деген бүтүмгө келесиң.  Кырдаалды жөнгө салыш үчүн өкмөттүн структурасын реформалоону жаңы Конституция кабыл алынганга, Жогорку Кеңештин шайлоосу өткөнгө чейин токтотуп туруш керек. Ал эми Жумушчу топ 4 ай (февраль-май) структурага анализ жасап, өкмөттүн жаңы структурасын кылдаттык менен иштеп чыкса. Бул маселеде шашыштын кереги жок. Азыр сунуш кылып жаткан структурага өтө чоң суроолор бар. Анын үстүнө жаңы министрлер кабинети министрликтерди, мекемелерди реорганизациялоого жетишпейт. Ал үчүн жүздөгөн мыйзамдар кабыл алынышы керек. Ага жарым жыл кетет. Аны ким жасайт? Бул учурда башкаруу тармагы таптакыр шал абалга кептелет. Андыктан өкмөттүн эски структуралары шайлоо өткөнгө чейин иштеп турушу керек”, - дейт ал.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Али коп тан калуулар болот