Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Эмилбек Каптагаев "Оштук" деген сөздү колдонбоону сунуштады

12.08.2021 08:24
2584
Эмилбек Каптагаев "Оштук" деген сөздү колдонбоону сунуштады

Америкада НЕГР деген сөздү колдонууга мыйзам чегинде тыюу салынган, анткени бул сөз өздөрүн "афро-американец" деп атап алгандардын ар-намысына тиет миш...

Ал сымал бизде деле "аймак аралык кастыкты козутуучу" сөздөрдү аныктап, атайын мыйзам менен аларды колдонууга тыюу салуу жагына карай баратабызбы дейм... Мисалы "Оштук" деген сөз... Таластыктарга ашыра мактанып баратса "Таластык адатыңды койчу..."- десең таарынбайт, арданбайт... күлөт, ал эми кай бир себеп менен "Оштук адатыңды койчу..." - десең такыр башкача кабыл алынат... УКМКнын көзкарашына ылайык "аймак аралык кастык" козутууга жатып калышы да мүмкүн... Дагы кайсы сөз бар, ушу сымал? Менимче көп эле "гениялдуу" нерселерге баштары жеткен депутаттардын негедир ушуга башы жете элек...

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн