Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Эмилбек Жороев: Маселе Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчада эмес...

17.12.2021 12:13
2618
Эмилбек Жороев: Маселе Жанар Акаев менен Токтобүбү Оргалчада эмес...

"Альянс" партиясынын мандаттары боюнча, негизи мыйзамдын талабы ошондой, "30%дан кем эмес" деп турат. 7 мандаттын 2си - 30%дан кем болуп калат. Мындай жөп-жөнөкөй маселе боюнча өзүнчө дагы БШКнын жобосун кабыл алуу, партия баланча мандат алса анын түкүнчөсү аялдарга болоорун жазып алуу - такыр керексиз, жаш балдардын шпаргалкасындай. Кереги жок болчу ал, түнүчүндө чуркап аны оңдотуунун да зарылчылыгы жок болчу. Бардык партияларга тиешелүү эреже - 30%дан кем эмес болушу керек. "Кем эмес" дегени бөлчөк сан кайсыл жагына толукталаарын так чечмелеп турат. Башында эле 7нин 2си аялдарга берилет дегенде ойлодум эле, бул туура эмес ко деп.


Бул эреже, конституциялык мыйзам. Муну талашып, соттошуп, протест кылып жеңүү мүмкүн эмес. Бир эле талап болушу мүмкүн - бардык партияларга ушундай эреже колдонулушу керек. Жана да, жанагы атың өчкүр оңдолгон положениеби, ошол балекет такыр болбошу керек. Мыйзам дап-даана, ап-ачык айтып турса, ага дагы көмөкчү кагаздын кереги эмне?  


Бул мыйзам талабы жеке кишилерге ар кандай колдонулушу мүмкүн эмес. Жанар Акаев чыгаан депутат болду, ал болбой калса жаңы чакырылыш үчүн бул чоң эле кемтик болот. Бирок, Жанар өз партиясынын эң көп добуш алгандарынын арасында так ошол талаштуу орунда туруп калгандыгы үчүн, мандат албай калат эми. 


Оргалча Токтобүбү айымдын атына, төрөлгөн жерине доо келтирип сүйлөө өтө туура эмес, маданиятка да жатпайт. Анын аты-жөнү, Кытайдан келгендиги бул мыйзам эрежесине кенедей да тиешеси жок. Бирок башка бир маселе бар, чоңураак. Ал партиялар боюнча. 


"Альянс" партиясынын бул кишини өз арасына кошуп алгандыгы. Бардык партиялардын ар кандай бейтааныш, парламенттик ишке уктаса түшүнө да кирбечу кишилерди кошуп алып, бүгүн ошолордун бир канчасын депутат кылып жаткандыгы. Бир нече партиялардын эсебинен бир нече аял талапкерлер мандат алып келатышат ошондой жол менен. Бул көрүнүш ошол партиялардын жоопкерчилиги. Жадагалса, ошол партиялардын анчейин партия деле эместигинде. Алдын ала ал мыйзам талабы белгилүү болчу. Канча мандат алса да, ошо сандын дээрлик үчтөн-бири аялдар болоорун билген баары, ошого жараша күчтүү, саясатты, мыйзамды, эл менен иштегенди мыкты билген, эл өкүлү болсо жарашчу талапкерлерди тартпайт беле? (Бул сөз баарына эмес, кээ бир аялдарга тиешелүү). Ошол чабал даярдыктын, жоопкерчиликсиз мамиленин натыйжасында эми эл мыйзамдагы квота талабын четке кагып, аялдарга өзгөчө артыкчылык берүүгө каршы көз караш күчөөдө. 


Жалпысынан, шайлоо мыйзамы да, парламенттин курамы маселеси да кемчиликтүү экени, эмкисине чейин сөзсүз өзгөртүүлөр керектиги айкын. Бирок бүгүнкү мыйзам менен бүгүн иштөөгө аргасызбыз. 


Жанарга ийгилик каалайм, парламенттен сыртта деле эл таламын талашып аракеттене алат деп ойлойм. Партиясын бекемдеп, түптөп, мазмунун, багытын күчтөндүрүугө аракет кылса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн