Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Максат ажы кызматтан кеткенден бери КМДБнын кызматкерлери айлык ала элек

18.05.2021 17:36
1395
Максат ажы кызматтан кеткенден бери КМДБнын кызматкерлери айлык ала элек


Дин чөйрөдө көп жылдан бери иштеген адам катары айтайын. Азыркы убакта Муфтийди шайлоо мен үчүн да табышмак болуп атат. Эмне үчүн шайлоо ( Аалымдар Кеңеши, Муфтий, БТКын төрагасы) жана Курултай убагында эч себепсиз жылдырылды? Курултайдын жылдырылган мөнөтү 29 - май болсо дагы эмдигиче кадам жок. Мындайча айтканда сынактар өтө элек. Карантинге шылтоолоп дагы жылдырылабы??? Курултайды онлайн менен өткөрөбүз деп атышат дейт, эмнеге? кантип? Кимдер чечип атат, түшүнүксүз???

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы ( КМДБ) болсо "парализованный", мындайча айтканда үч айдан бери КМДБнын кызматкерлерине айлык жок, ким - кимди башкарарын, эмне кылып атышканын билишпейт. Айта берсе сөз көп...

Дин Комиссиясынын жетекчилигине жаңы койгон адамы өз алдынча иштей албаган, жогору жакты эле оозун ачып караган бир байкуш экен, эмне кылып атканы белгисиз. Эмдигиче дин чөйрөнү колго алып, ирээтке келтирип койсо болот эле да....

Ал эми мусулмандар, Муфтийлике койгон 8 адамдын биринин дагы коомчулука жарыялаган "иш - пландарын" көрүшкөн жок.

Ооба, бул көрүнүшкө Президенттин башын айландырган экс - муфтийлер, Бурхановго окшогон өз кызыкчылыгын гана ойлогондор алып келишти...

Азыр дин чөйрөнү кайра калыбына алып келүү Президенттин да, К. Ташиевдин да баш оорутмасы болуп атат окшойт, мындайча айтканда ооздору күйүп, айранды үйлөп ичип калгандай...

Эмне кылыш керек?

Эгерде Муфтийлике койгон адамдар Бийлике жакпай атса, анда Уставдын негизинде укуктук талаадан чыкпай, кайра татыктууларын кошуп шайлоого салыш керекпи?

Дин Комиссиясынын жетекчилигин тажырбалуу адамдарга алмаштырыш керекби? ж.б. көптөгөн суроолор менин да башымды оорутуда...

Бакыт Нурдинов, диний ишмер
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Нажмидин уулу Иброхим
Оба албете татыктуу инсан. Таза МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВ. ХАБИБИЛАНЫ КЕТИРИШКЕРЕК.
Айбек
Максат дамладан, бийлик кечирим сурап муфтийлик кызматын тапшырып берсин.Садыр менен Камчынын колхоздугуда. Иштин баарын былгытып эмне кылаарын билбей мага демектен Африкадан алып келип шайлап алсын деп ОЗУ космосто жашап жаткансып суйлоду эле.