Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 14:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Эмне үчүн АКШ өзүнүн аскарлерин Ооганстандан алып чыгып кетмекчи?

14.04.2021 19:19
1836
Эмне үчүн АКШ өзүнүн аскарлерин Ооганстандан алып чыгып кетмекчи?


АКШнын президенти Джо Байден 1-майга чейин Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кетмекчи. Бул тууралуу администрациянын кызматкери журналисттерге билдирди.


"Биз калган аскерлерди тартиптүү түрдө 1-майга чейин чыгара баштайбыз жана 11-сентябрь (террордук чабуулдар) жылдыгына чейин өлкөдөн бардык аскерлерди чыгарууну пландап жатабыз", - деди администрациянын расмий өкүлү.


Анын айтымында, 11-сентябрь - акыркы мөөнөт, бирок аскерлер бир топ убакыт мурда чыгарылышы мүмкүн.


"Биз буга керектүү убакытты жумшайбыз, андан ашык эмес", - деди администрациянын кызматкери.


Анын айтымында, Байден аскерлерди өтө тез жана макулдашылбай чыгарып кетүү АКШ жана анын союздаштары үчүн коркунуч туудурат деген жыйынтыкка келген.


"Биз ооган өкмөтү менен толук байланышта болууга милдеттүүбүз, ооган элин колдоого алабыз... Биз дипломатиялык процессти колдойбуз", - деди администрациянын кызматкери ушул жылдын 11-сентябрына чейин аскерлерин чыгарып кетүү жөнүндө жарыялап жатып.


"Биз ар кандай чабуулдар катуу жооп менен кабыл алынаарын ачык билдире алдык", - деди администрация өкүлү брифингде.


"Биз террордук коркунучка байкоо салууну токтотпойбуз (аймакта). Биз Ооганстан террорчулар АКШга каршы чабуулдарды даярдай турган база болуп калбашы үчүн талыкпай аракет кылабыз", - деди администрациянын кызматкери.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн