Бугу 19, 2024
Убакыт: 00:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмне үчүн COVID-19дан каза болгондордун статистикасы кайра каралды? Адистин жообу

21.08.2020 16:47
841
Эмне үчүн COVID-19дан каза болгондордун статистикасы кайра каралды? Адистин жообу


Саламаттык сактоо министрлиги жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыкты. Анын жыйынтыгы кандай болгондугу тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев "Биринчи радионун" түз эфиринде айтып берди. 


Анын айтымында, министрлик 17-июлдан баштап пневмония жана коронавирустан каза болгон адамдардын статистикасы кошулуп эсептеле баштады.   


"Июль айында медициналык кызматкерлер өтө оор нагрузка менен иштедик. Жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыккандан кийин 437 адамдын өлүмү пневмония же коронавирус эмес экени аныкталды. Алардын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт, инфакт оорулары өлүмгө себеп болгону белгилүү болду. Бизде каза болгон адамдардын туугандарынын 35%ы гана сөөктү союп, текшерип көрүүгө макулдугун берди. Ал эми калган 65%ы союуга макулдук беришкен жок. 


Ал эми жаңы типтеги коронавирустан каза болгон бейтаптардын статистикасын кайрадан карап чыгууга, каза болгон адамдардын арасында башка оорудан дагы каза болгон учурлар дагы кошулуп кеткени аныкталды. Мисалы, өлкөдө өз жанын кыйган адамдын өлүмү дагы коронавирустун статистикасына кошулуп кеткен. Мындай учурлар статистиканы кайра кароого түрткү болду", - деди Каратаев. 


Кыргызстанда илдет башталгандан бери статистика кайра каралгандан кийин жалпы 1055 адам коронавирустан каза болду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн