10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Бул саясий иш-чарага катышуу үчүн 16 адам өз талапкерлигин көрсөттү. Учурда алдыдагы “аламан байгеде” астыга чыга тургандардын сап башында премьер-министр Садыр Жапаров менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров турат.
Акыркы кездери бул эки саясатчынын социалдык тармактардагы колдоочулары ачыктан-ачык каршылашууга өттү. Мадумаровду жактагандар Жапаровду сындап койсо, Жапаровдун талапкерлери Мадумаровду каралоодо.
Добуш берүүгө 2 айга жетпеген убакыт калды. Мадумаров-Жапаров “тиреши” барган сайын күч алууда. Айрыкча, Садыр Жапаровду колдогондор видео кайрылуу жасап, Мадумаровду ыйлап жибергенче каралоодо. Мындай тасмалар күн сайын бирден-экиден тарап, аны С.Жапаровду кубаттап келгендер жайылтууда. Буга чейин Бакай Кашкарбаев аттуу Садыр Нургожоевичтин активдүү колдоочусу Мадумаровду кемсинтип, шалдыңдап сүйлөгөн. Анын бул аракети коомчулук тарабынан катуу сынга кабылганда Фейсбуктагы ал тасманы баракчасынан өчүрүп кутулган. Муну менен Жапаровдун колдоочулары Мадумаровду башка атаандаш катары көрүп, андан чочулап жатканын божомолдосок болот.
Кандай болгон күндө да Жапаров менен Мадумаров биздин арабыздан чыккан кыргыздын бычакка сап жигиттери. Мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн бул саясатчылар жана анын колдоочулары төмөн түшпөй, саясий күрөштү маданияттуу жүргүзсө. Эки тарап бири-бирин сыйласа. Ошондо гана биз алдыга жылабыз.
Канатбек Аскаров
Пикирлер (2)