Ар кандай шайлоолордун алдында кооз көрнөк-жарнактар илинип, жагымдуу жылмаюулар тартууланып, кулакты кубанткан убадалар берилет. Эзели колуна тырмооч кармабагандар да шайлоолордун алдында ишембиликке чыга калышат. Айрым айылдарга бир эле талапкер трансформатор койдуруп, көчөлөрүнө шагыл төктүрүп салат. Аймактардагы ооруканалардын, мектептердин абалы менен таанышып, тамтыгы кетип турган имараттарды ошол күнү көрүп жаткансып, кейип-кепчип сүйлөп, анан ала барган анча-мынча материалдык жардамын берип кайтышат. Жетим-жесирлердин башынан сылап, момпосуй таратышат.
Анан ошол аракеттеринин баары телеканалдар, интернет-сайттар, социалдык түйүндөр аркылуу кеңири жайылтылат. Билесизби, ушул иш-аракеттердин баарына канча суммадагы акча каражаты сарпталарын? Албетте, так билбейбиз. Бирок, ошол шайлоодо талапкер болуп жаткандар канча акча коротконун так билишет. Аны эч качан унутушпайт. Ондогон, жүздөгөн миллион сомдор сарпталат. Шайлоодон кийин ошончо каражаттын баары брошюра, далдайган плакаттар, баннерлер, футболкалар, кепкалар, желектер болуп кала берет. Ал эми өлкөнү өнүктүрүү, калктын жашоосун жакшыртуу, реформаларды жасоо сыяктуу айтылган жалындуу убадалар дээрлик кийинки шайлоого чейин абага «илинип» турат.
Биз эгемендик алгандан бери карай эле шайлоолордун алдында ушул сыяктуу көрүнүштөрдү көрүп келатабыз. Бирок, ар дайым эле алданып келатканыбызга эч эле мээбиз жетпей койду. Же жок дегенде кулагыбыз сүйүнүп турганына курсант болуп жашаганды өнөкөт кылып алдыкпы?
Шайлоолор алдында түзүлгөн партиялардын жер-жерлердеги штабдарында жаңы жумушчу орундары пайда болот. Алардын баскан-тургандары, жасаган жумуштары үчүн айлык акы төлөнөт. Пиар кампания үчүн өзүнчө бюджет каралат. Жолугушууларды уюштуруу, ырчыларды чакыруу, жер кыдыруу деген «түйшүктөр» үчүн да аз эмес акча сарпталат. Анын баары депутат болууну каалаган талапкерлерден чогулат. Бул эч кимге жашыруун эмес. Албетте, арасында анздыр-көптүр акча жок жаштар кошулат. Ал дагы «Мына биздин арабызда карапайым эле катардагы жаштар да бар» деген шылтоо үчүн керек. Ал жаштар дагы кимдин каржылоосунда болуп жатса, кийин ошонун камчысын чаап бергенге милдеттүү болот.
Натыйжасы кандай? Жөн гана топон суу болуп миллиондор талаага чачылат. Ал эми жаркын келечек тууралуу таттуу сөздөрдүн иш жүзүндө даамын тата албайбыз. Татсак эмдигиче даамын сезет элек. Баягыдай эле жумушсуздук, чет өлкөлөргө агылган мигранттар, «өлбө жаным өлбө» абалындагы ооруканалар, мектептер, таза сууга жетпеген айылдар, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштебеген кен байлыктар, жанданбаган өндүрүш, суу жетпей какырап турган айдоо жерлер, үмүтсүздүк, кыжаалаттык.
А бирок, баягы миллиондорун чачып депутат болгондордун жашоосу улам жакшырып турат. Улам жаңы мүлктөргө ээ болуп, улам материалдык абалы чыңалат. Эмнеге? Себеби, бизде депутат болгусу келгендердин көпчүлүгү өз бизнестерин коргоо жана өнүктүрүү, же кимдир-бирөөнүн бизнесин коргоо жана өнүктүрүү үчүн кызмат кылууга барат. Ошондой жол менен шайлоо алдында короткон каражаттарын кайра эселеп кайтарышат.
Ошондо ким утулуп жатат? Мамлекет жана карапайым эл. Дагы канча убакыт алданууга мүмкүн? Эгерде мандат алгысы келгендердин чыныгы максаты мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун оңдоо болсо, анда ошол шайлоо алдында сарптаган акча каражаттарын өлкө экономикасын жандантууга, жумушчу орундарын түзүүгө, оорукана, мектептерди курууга жумшаса болбойт беле? Болот болчу, бирок ал алардын максатына шайкеш келбейт.
Ошентип улам шайлоо болгон сайын ондогон оорукана, мектептерди курууга, жок дегенде 5-6 орточо ишкана ачууга жарай турган каражат жөн эле коромжу болуп келет. Саясатка жалаң бизнесмендерди жана бизнесмендердин коргоочуларын толтуруп алган өлкөдө мындан башкача болушу мүмкүн эмес.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн