Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмне үчүн коррупция токтобойт?

28.05.2021 10:42
1763
Эмне үчүн коррупция токтобойт?


Жараткан өзү ыроологон кен байлыктарга бай, суунун башында турган негизи ырыстуу элбиз. Таза аба, кооз жаратылышыбыз бар. Кылымдарды карытып келаткан көөнөргүс карт тарыхыбыз, көөдөндү толтура ала турган маданиятыбыз бар. Илим-билимден деле анчейин аркада калган эмеспиз. Ырас, отуз жыл илгеркиге салыштырмалуу кыйла сабатсыз болуп кеткенибизди моюнга алышыбыз керек. Бирок, дүйнө эли колдоно алган технологияны колдонуп, дүйнө эли сүйлөгөн тилдерде сүйлөп, алар кийгенди кийе алабыз. 


Бирок, эч эле мамлекетибиз өнүкпөй койду. СССРден калган завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду менчиктештирүүгө бердик. Баарын жеке менчикке өткөрүп жиберсек эле, алардан салык алып, мамлекетти өнүктүрүп жибере тургандай болдук. Өнүгө албай койдук. Көрсө, биз өнүккөн өлкөлөрдөй болуп, салыкты жашырбай төлөгөндү да билбейт экенбиз. Жеке менчикти күрүлдөтүп иштеткенибиз менен, мамлекетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөй келгенде ар кандай буйткалуу жолдорду издеп калдык. Мамлекеттик жогорку кызматтарда тургандар ар кайсыл жеке ишкерлердин «крышасы» боло калып, мамлекетке төгүлүшү керек болгон каражаттарды өзүнүн чөнтөгүнө буруп алды. Натыйжада мамлекетибиз жарды, ал эми чиновниктерибиз бай өлкөгө айландык. 


Кен байлыктарыбыз четинен казылып, алды казылып бүтөйүн деп калса деле экономикабыз көтөрүлбөйт. Казылган алтын-күмүштөрдүн тоннасы канчадан болуп жатканын жана аны казууга кеткен чыгымдарды эсептеп, «мынчасы пайда болушу керек эле го» деп башыбызды кашылаганыбыз менен пайда жок. Көрсө, «Кумтөр» сыяктуу кенибизди ишткен чет элдик компаниядан айына 200 миң доллардан айлык акы алып жүргөн өзүбүздүн эле эргулдар бар экен. Ал эми «Центерранын» кожоюндарынын алган айлыктарын уксаңыз, жарык дүйнөгө келип калганыңызга кейип кетесиз. Анан кантип мамлекетке  жетиштүү пайда калмак эле? 


Отуз жылдан бери сот, прокуратура, айтор укук коргоо органдары деле коррупциялашып бүткөн. Муну билбеген жан жок. Отуз жылдан бери эле сот болуп иштеп жүрүп, 20дан ашык батир, көл жээгинен коттедждерди алып койгондорду, баасы 100 миң АКШ долларын чапчыган жолтандабастарды минип жүргөндөрдү көрүп жатабыз. Кармалып, камалып деле жатат. Бирок, алар өздөрүн деги эле күнөөлүү катары сезишкен жок. Ошончо байлыкты жалаң айлык акыларын чогултуп алышкандай актанышат. 


Министр, депутат, мэр, губернатор, аким, мамлекеттик мекемелердин жетекчиси сыяктуу кызматтарды аркалап олигархка айлангандар жүрөт. Алардын арасынан деле коррупцияга айыпталып камалгандар көп эле чыгат. Бирок, эч эле коррупция токтобой койду. Бир жагынан камалып кайра чыгып жаткандарды көрүп турсак, экинчи жагынан жаңы кармалгандарды көрүп турабыз. Ишенген жаштарыбыз деле коррупциядан оолак боло алышпай жатат. Буга кече жакында эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп эки апта иштеген соң кармалган Азамат Дыйканбаевди айтсак болот. 


Эмне үчүн коррупция токтобой жатат? Аргасыздан ушундай суроо жаралат. Кармалып деле, камалып деле жашытат, бирок эмнеге токтобойт? Себеби, ошол коррупцияга айыпталып кармалгандар мыйзам алкагында жетиштүү жоопкерчилигин албай жатышат. Жөнөкөй ууру бир адамдын үйүнө уурулукка кирсе, коррупционерлер жалпы элдин, мамлекеттин мүлкүнө уурулуукка кирип жатышканын коомчулукка жеткиликтүү түшүндүрө албай жатабыз. Ошондон улам кайсы бир коррупцияга шектүү камакка алынса эле, аны колдоп митинг уюштургандар чыгууда. Алар өздөрүнүн, бала-чакасынын келечегин уурдап жаткандарды колдоп жатышканын кыязы түшүнбөй жатышат. 


Мурда коррупцияга шектелип, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар кайра мамлекеттик кызматтарга дайындалып калып жатышканын да көрүп жатабыз. Ушул күнгө чейин мамлекетти талап-тоноп, эбегейсиз байыган бир дагы коррупционердин мүлктөрү толугу менен мамлекетке өттү дегенди уга элекпиз. Мамлекетке канча бир суммада акча которуп коюп, эркиндикке чыгып жаткнадар болуп жатат. Ошондон кийин деле алар мурдагысындай эле ашынган бай боюнча калып жатышканы көрүнүп турат. Анан кантип коррупция токтойт? Коррупционерди мамлекет катуу жазалап, эч нерсеси жок кала тургандай жазалаганда гана бул нерсе кыйла азаймак. Болбосо, миллиарддап уурдап, миллиондоп төгүп коюп, кутула беребиз да деген позиция улана берет. 


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн