Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмне үчүн жалпы карантин же башкача айтканда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланышы зарыл?

20.03.2020 13:02
2619
Эмне үчүн жалпы карантин же башкача айтканда өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланышы зарыл?

Вирус өлүмдүн пайыздык көрсөткүчү менен эмес, анын ылдам таралуусу менен коркунучтуу. Анын натыйжасында бардык саламаттыкты сактоо системасына күч келип, система жараксыз абалга кептелиши мүмкүн.


Коронавирус менен жаштар жана жалпысынан дени сак адамдар кадимки эле грипптей оорушу мүмкүн. Бирок кокус коронавирустан пневмония же башка оорулар күчөп кетсе, дароо эле дарыгерлер керек болот, ооруканага жатуу керек.


Эгерде бардык дарыгерлер жана ооруканалар ушундай кырдаалда бардык күчүн жумшап, жетишпей жатышкан болсо (Италиядагыдай), Сиздин жүрөгүңүз кармап калса, бир жериңизди кокустатып алсаңыз, же ууланып калсаңыз – сизге жардамга эч ким келе албайт. Карантин ушундай коркунучтарды алдын алуу үчүн керек!


Карантинди эч ким оорубасын деген максатта киргизбейт. Ансыз деле covid-19ду эч ким токтото албасы белгилүү болду. Бирок жалпы өлкө боюнча карантин жарыялап, жалпы эл массалык түрдө ооруну жузугуп алганга караганда, калктын көпчүлүгү врачтардын көзөмөлү астында акырындык менен ооруну өткөргөнү жакшы! Жалпы карантин мына ошол үчүн керек. Карантин оорунун тездик менен таркашын алдын алып, кырдаалдан дүрбөлөңгө түшпөй, чыр-чатаксыз чыгууга жардам берет. Өлүмдүн санын да алдын алат.


Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бэктур
Саламатсызбы!!! Урматтуу.Аида.Касымалийива Дэн-Соолукунуз Жакщыбы? Аман Эснн.Сакайып Гэтиниз Мэнин Айтайын Дэген 1 ойум бар эле.
Мукан
Эн туура , жалпы республикалык карантин жарыялаш керек.Кобойуп кеткенде кеч болуп калат!