Медицина кызматкерлеринин арасында коронавирустан 5 адам каза болду. Ал эми бир сутка ичинде өлкө боюнча 125 медицина кызматкеринен COVID-19 инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 13-июлдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, коронавирусту жуктурган медициналык кызматкерлердин саны көбөйүүдө.
"Жалпы 4 дарыгер жана 1 медицина кызматкери коронавирустан көз жумду. COVID-19 инфекциясына кабылышы алардын иммунитетинен көз каранды. Медицина кызматкерлери дагы адамдар, алар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алып алууда. Медициналык кызматкерлердин ооруп калышынын себептеринин бири — иммунитеттин төмөндөшү болууда», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн