Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эмнеге өзүн-өзү сыйлабаган эл болдук?

30.11.2020 12:06
822
Эмнеге өзүн-өзү сыйлабаган эл болдук?


Өзүн сыйлабас адамды өзгөлөр да сыйлабастыгы белгилүү. Өзүнүн тагдырына, өзүнүн келечегине кайдыгер караган адамга өзгөлөр да көңүл бурбайт. Өтө жакын адамдары акыл-насаатын, кеп-кеңешин айтышы мүмкүн, бирок айтылган кепке кулак салбаса, акыры жакындары да түңүлөт. 


Бир адамдын тагдыры сыяктуу эле бир мамлекеттин тагдыры да ушундай нукта болот. Өзүн-өзү сыйлаган, өзүн-өзү урматтай алган мамлекеттер өнүгүү жолунда. Мамлекеттик деңгээлде өзүн-өзү сыйлоо деген – бул мыйзамдын алкагынан чыкпоо дегенди түшүндүрөт. Тилекке каршы, Кыргызстан деген сүйүктүү мамлекетибиз 29 жылдык эгемендик тарыхында бир нече жолу мыйзам алкагынан чыгып кетти. Тактап айтсак, бийликтин кумарынан улам өлкөбүздө бир нече жолу төңкөрүш болду. Албетте, андай төңкөрүштөргө бийлик да негиз берип коюп жатты…


Салыштыруу ирээтинде алалы, ушул август айында Белоруссияда президенттик шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгы белгилүү болгондон тарта аталган өлкөдө нааразычылык акциялары башталды. Адегенде азыраак санда адамдар митиингге чыгышты. Бара-бара алардын катары коюуланды. 200-300 миңге чейинки адамдар Белоруссиянын борбору Минскинин көчөлөрүнө толуп чыгып жатты. Дагы деле андай митингдер токтой элек. Жуманын ар жекшембисинде Минскинин көчөлөрү жык-жыйма адамдарга толуп калууда. Алар дагы деле шайлоонун жыйынтыгына нааразы, президент Лукашенконун отставкасын талап кылып келишет. 


Бирок, бүтүндөй дүйнө жүзү белорустардын маданияттуу калк экендигине көз кырын салып турат. 200-300 миң адам көчөгө чыкса да шаар ичинде бир бүлүнгөн нерсе жок. Тротуарлар менен гана басышып, бир да атайын өстүрүлгөн, шаардын көркүнө көрк кошуп турган гүлдөрдү тебелебей, брусчаткаларды талкалабай, колдоруна таш кармабай эле нааразылыктарын билдирип келет. 


Анткени алар өз өлкөсүн сүйөт. Ошол шаарды көрккө бөлөп турган кооз гүлдөр, имараттар өздөрүнүн мамлекетинин байлыгы экенин түшүнүшөт. Алардын баары талкаланса, кайра эле өздөрүнүн эсебинен оңдоло турганын да билишет. 


Ал эми бизчи? Бизде улам төңкөрүш болгон сайын Ак үй өрттөлүп, шаар ичиндеги дүкөндөр талкаланып, алтургай тротуарлардагы брусчаткалар талкаланып, таш ордуна пайдаланылат. Шаардын көркү болуп турган гүлдөр тебеленет. Төңкөрүш эмес, жөнөкөй эле митинг болуп өткөндөн кийинки көрүнүштөр да жүрөк оорутат. Желим бөтөлкөлөр, желим баштыктар, тамекинин калдыктарына кошо балчайта «ташталган» түкүрүктөр… 


Биз мындай кадамдарыбыз менен өзүбүздү өзүбүз сыйлабаган эл экенибизди көрсөтүп келебиз. Эгерде өзүбүздү сыйласак, анда мындай кылбайт элек. Өзүбүздүн шаарыбыздын тазалыгын, бүтүндүгүн ойлойт болчубуз. Нааразычылыгыбызды белорустар сыяктуу эле маданияттуу, мыйзамдуу жол менен билдирип турат элек. 


5-6-октябрдагы окуяны эсепке алганда Кыргызстанда үчүнчү ирет бийлик революция дейбизби же төңкөрүш жолу менен дейбизби алмашты. Бирок, ошондон мамлекетибизде чукул өзгөрүштөр болуп, өнүгүп кеттикпи? Акыркы төңкөрүштүн болуп өткөнүнө али эки ай тололек. Бирок, жаңы келген убактылуу бийликке нааразы болгондор чыга баштады. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө «өлтүрүп салабыз, жанчып салабыз, бирди көрүп каласың» деген сыяктуу ашкере радикал псотторду жазган фанаттар да пайда болду. 


Биз качанкыга чейин ушул сыяктуу жапайычылыктын үлгүсүн дүйнө жүзүнө көрсөтүп жүрө беребиз? Качанкыга чейин өзүбүздү «революция жасадык» деп гана мактайбыз? Андай революциялар менен биз өнүкпөй эле улам жапайы жашоого кайтып баратканыбызды качан сезебиз? Илимге, билимге жаңылыктарды киргизгенибиз менен качан сыймыктанабыз? Качан өзүбүздүн чыккан жаңы брэнддер менен мактанабыз? Качан күргүштөгөн өндүрүштү жандантабыз? Качан гана биз мыйзамды сыйлап, мыйзам алкагынан чыкпай жашоону үйрөнгөнүбүздө. Качан шайлоолордо туура добуш бергенибизде. Өзүбүз акчага алданып, же туугандык, жердешчилик сезим менен шайлап алып, анан кайра нааразы болуп эле жүрөбүз. Акчага алданбасак болбойбу? Же туугандык, жердешчиликти эмес, чыныгы кесипкөйлүктү тандоону үрөнсөк болбойбу? Өзүбүз добушубузду акчага сатып, анан кайра башкалардын акчасын алып аларды кубалап жүрө берсек кантип оңолобуз? Акчага алданып шайласак да, алардын мөөнөтү аягына чыкканга чейин чыдоону үйрөнүү керек. Андан кийин алданбай добуш берүүнү колго алуу шарт. Жөн эле ызы-чуу салып, шаарды талкалап, Ак үйдү өрттөй берсек, жакында бизди бир да мамлекет суверендүү өлкө катары тааныбай калат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн