Тажик Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толук жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу тажик басылмалары билдирди.
"Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн 7000ден ашуун жаңы ооруканалык керебеттер түзүлгөн, аларды 5400 медициналык кызматкер тейледи. Коронавирус өлкөбүздө жок. Биз аны толук жеңдик" ,- деди Рахмон парламентке кайрылып.
Ал муну менен катар өлкөдө бардык санитардык нормалар сакталарын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн