Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавын алмашуу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн Ворух эли менен жолугушуу учурунда айтканын 24.кг агенттиги жазды.
Анын айтымында, Кыргызстан менен 19 жылдык чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында Ворухту алмашуу боюнча такыр сүйлөшүү болгон эмес.
"Ворух боюнча Кыргызстандын өкүлдөрүнүн айткандарын мен интернеттен окудум. Мындай маселе интернеттен эмес отуруп сүйлөшүү жолу менен чечилет. 2016-жылы чек араны чечүүгө жакын барганбыз, бирок кыргыз тарап эмнегедир баш тарткан",- деди Рахмон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн