Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Эмомали Рахмон Ворухка иш сапары менен келди

09.04.2021 13:12
1253
Эмомали Рахмон Ворухка иш сапары менен келди


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Ворух аймагына иш сапары менен келди. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы билдирди.


Президенттин катышуусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 7 ири объектинин ачылышы болот.  Улуттук желектин аянты, Маданият ордосу (Кохи фарханг), мектептин жаңыланган имараты, ичүүчү суу менен камсыздоо линиясы, калкты тейлөө борбору, тигүү цехи, кондитердик цех жана интенсивдүү бакча ачылат.


 Рахмон Ворухтун активисттери жана тургундары менен да жолугушат.


Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек араны тактоо үчүн Тажикстанга Ворухту алмашуу сунушун бергенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн