Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эң булганган шаар. Германиялык басылмалар Бишкек тууралуу репортаж тарткан (Видео)

05.01.2021 14:18
667
Эң булганган шаар. Германиялык басылмалар Бишкек тууралуу репортаж тарткан (Видео)

Германиянын DW News басылмасы Бишкек шаарына толугу менен сюжет арнап, анда абанын сапаты жана анын булгануу себептери жөнүндө сөз кылган.


"Ушул айда Кыргызстандын баш калаасы Бишкек бир нече күн бою абанын булганышы боюнча рейтингдин башында туруп, көп учурда тизмени жетектеген Кытайдын шаарларын басып өттү. Борбор Азиянын бул шаары бир миллионго жакын гана тургунду камтыйт, бирок бир нече жылдан бери кыштын күндөрү шаардын көптөгөн жашоочулары үйлөрүн көмүр отун менен жылытып, түтүнгө тумчугуп келе жатышат. Өлкөнүн экономикасына коронавирустук пандемия катуу сокку уруп жаткандыктан, коюу түтүндөр дагы да жоон илинип калгандай. ",- деген билдирүү калтырган.


Белгилей кетсек, аталган видео 28-декабрда  DW News Youtube  каналына жүктөлгөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн