Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Эң көп Өзбекстандан. Кыргызстанга тогуз айдын ичинде чет өлкөдөн 2 млндон ашуун турист келген

19.10.2021 12:32
884
Эң көп Өзбекстандан. Кыргызстанга тогуз айдын ичинде чет өлкөдөн 2 млндон ашуун турист келген


2021-жылдын тогуз айында Кыргызстанга эки миллиондон ашуун турист келген. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Дүйнөлүк туристтик уюмдун (ЮНВТО) классификациясына кирген алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген жарандардын жалпы саны 2021-жылдын 9 айында 2 млн 201 миң кишини түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 549 миң кишиге көп.


Анын ичинде 2 миллион 105 миң адам КМШ өлкөлөрүнөн келген. Акыркы жылдары олуттуу өсүш Өзбекстан (1,4 миллион адам) жана Россиядан (240,8 миң адам) байкалган.


КМШга кирбеген өлкөлөрдөн (Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Пакистан, Франция, Сауд Арабиясы, Япония, Польша жана Испания) 96 миң адам келген.


Пакистандан 2021-жылдын 9 айында өлкөгө 22,5 миң адам келген. 2020-жылдын ушул мезгилине карата алардын саны 3 миң гана болгон.


2021-жылдын 9 айында "Визасыз режим жөнүндө" мыйзамга бир тараптуу (ЮНВТОнун классификациясына кирген) кирген Кыргыз Республикасына келген жарандардын жалпы саны 95 миң 924 адамды түздү.


"Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, республиканын бюджетине туристтик ишмердүүлүктөн жана мейманканалар менен ресторандардын иштешинен түшкөн салык төлөмдөрүнүн түшүүсү 511 миллион 234,2 миң сомду түздү", - деп белгилешти башкармалыктан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн