Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:26
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Энелерди эч качан аралаштырбагыла, - ЖКнын жыйынында депутат кесиптеши менен жеке жаңжалын ачыктады

11.09.2024 13:54
257
Энелерди эч качан аралаштырбагыла, - ЖКнын жыйынында депутат кесиптеши менен жеке жаңжалын ачыктады


Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында депутат Айгүл Айдарова эмоционалдуу түрдө аял кесиптештерине кайрылды.


«Энелерге эч качан кийлигишпегиле. Каргабагыла! Эне жөнүндө эч кимден жаман сөз укпайын», - деди ал.


Маалым болгондой, депутаттардын биринин апасы жакында каза болгон. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Айдарова келген эмес. 


«Эскерүү иш-чарасы болгон, бирок бара алган жокмун. Эми мен эжеге барсам, ал мага ушундай сөздөрдү айтты. Өткөндө да «апаң өлсө, көрмөкпүз сени» деп мени каргады. Эч качан мындай сөздөрдү айтпаңыз. Бул мага абдан катуу тийди», - деди Айдарова.


ЖКнын жыйынында ал сөз болуп жаткан кесиптешинин атын атаган жок.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн