Эне жана эки баласын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык соту маалымдайт.
Белгилүү болгондой, мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.
Шектүү жаран А.Ч. 16-апрелге чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, 17-февралда Бишкек шаарында 51 жаштагы энени, 17 жаштагы кызы жана жаш баласы өлтүргүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн