Бишкек ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр, - деп билдирди энергетика министри Таалайбек Ибраев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерүү учурунда.
Анын айтымында, бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатат.
“Быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелет. 28-сентябрга карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар, өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тоннага көп”, - деп кошумчалады министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн