Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Энергетика министри Бишкектеги электр ишканаларынын кышка даярдыгын текшерди

07.08.2023 11:47
231
Энергетика министри Бишкектеги электр ишканаларынын кышка даярдыгын текшерди


Кечээ, 6-августта энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш, Чыгыш, Түндүк РЭТинин күз-кыш мезгилине даярдыктары менен таанышып, РЭТерде "авариялык запас" менен камсыздоосун текшерди.

Ведомстводон билдиришкендей, текшерүүдө министр учурда энергетиктерге бардык шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү жабдуулардын бары бар экенин белгиледи.

Министр Бишкек электр тармактар ишканасынын жетекчилигине алдыдагы кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү жана сапаттуу жасоону тапшырды.

"Энергетиктерде 2 эле мезгил болот: кышка даярдык жана күз-кыш мезгилинин өтүүсү. Бүгүнкү күндө баардык тиешелүү шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине керектүү жабдуулардын бары бар. Болгону жоопкерчиликтүү иш алып баргыла. Калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин башкы милдети. Биз баардык энергокомпанияларды техника, керектүү жабдуу менен камсыз кылганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эмне керек болсо азыртадан кайрылгыла. Маселени убагында чечели", - деди Ибраев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн